КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!
1. Тендер: Телевизорду (110–115 дюйм), жылма стендди жана презентерди (кликерди) жеткирүү
Долбоор жөнүндө:
Good Neighbors кеңсесинин конференц-залында презентацияларды, тренингдерди, жыйындарды жана видеоконференцияларды өткөрүү үчүн мобилдик дөңгөлөктүү стенди жана зымсыз презентер (кликер) менен кошо кең форматтагы дисплейди/телевизорду (110–115 дюйм, 4K UHD, HDR, Smart TV) сатып алуу. Сунуштун баасына жеткирүү, мобилдик стендди чогултуу, дисплейди орнотуу, жөндөө жана ишке киргизүү кирүүгө тийиш.
Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 20-октябры, саат 18:00гө чейин
Тапшыруу ыкмасы: «Телевизор» деген милдеттүү тема белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук почтасына
Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан №32258 «Запрос коммерческих предложений: Поставка телевизора, диагональ 110-115 дюйм. Мобильная подставка. Кликер» номери астынан караңыздар (жарыяланган күнү: 14.10.2026-ж.).
2. Тендер: Билим берүү, мультимедиа жана коопсуздук жабдууларын жеткирүү, орнотуу жана ишке киргизүү
Долбоор жөнүндө:
Токтогул районунун Билим берүү бөлүмүн, Ы. Алыбеков атындагы №21 орто мектебин, ошондой эле «Нур» жана «Ак-Шоола» балдар бакчаларын (Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Сары-Сегет айылы) заманбап билим берүү, мультимедиалык жабдуулар, коопсуздук системалары менен камсыздоо. Жабдуулардын тизмесине интерактивдүү панелдер (86" жана 75"), кесипкөй аудио жабдуулар, видеокөзөмөл системалары (20 IP-камера, NVR, УББ, тармактык шкафтар жана кабелдер), ошондой эле толук монтаждоо жана жөндөө иштери менен түстүү сыялуу МФУлар жана ламинаторлор кирет.
Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 21-октябры, саат 17:00гө чейин
Тапшыруу ыкмасы: «Оборудование в Токтогул» деген милдеттүү белгиси бар А4 форматындагы конвертте кагаз түрүндөгү билдирме төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Иманалы Айдарбеков көч., 6 (2-кабат, Good Neighbors административдик бөлүмү). Бардык суроолор боюнча administration@goodneighbors.kg электрондук дарегине кайрылыңыздар.
Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан №32150 «Поставка, установка и ввод в эксплуатацию образовательного, мультимедийного и оборудования безопасности» номери астынан караңыздар (жарыяланган күнү: 08.10.2026-ж.).
Мектеп жашында балдар олуттуу ички жана тышкы өзгөрүүлөргө дуушар болушат. Бул фонодо көп учурда чыр-чатактар келип чыгат, ал эми буллинг көмүскөдө калышы мүмкүн — чоңдор аны же өтө кеч аныкташат, же таптакыр байкабай калышат.
Ош шаарындагы А. Алиев атындагы №30 орто мектептин директору Сулайманова Нускайым Аманбаевна эмне үчүн алдын алуунун салттуу чаралары мындан ары жетишсиз болуп жатканы менен бөлүшөт. Өспүрүмдөрдү чындап коргоо үчүн мугалимдерге жаңы методикалар, көрсөтмөлөр жана эң башкысы — баарлашууга туура мамиле керек.
Инстаграм видеосу
Бишкекте мугалимдер жана социалдык педагогдор үчүн Коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу боюнча методикалык колдонмону жайылтууга багытталган тренерлер үчүн төрт күндүк интенсивдүү тренинг аяктады.
Бул демилге Good Neighbors Эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте ишке ашырылды.
Курсту өткөргөн тренерлер окуу жайларында корголгон атмосфераны түзүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешти:
«Коопсуздуксуз сапаттуу билим алуу да, баланын дени сак өнүгүүсү да мүмкүн эмес. Физикалык коркунучтарды гана эмес, зомбулукту жана буллингди да өз убагында байкап, аныктоо маанилүү. Балдар мектептерде да, бала бакчаларда да өздөрүн физикалык жактан да, психологиялык жактан да корголгон сезиши керек!»
Инстаграм видеосу
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эркимбеков Алтынбек Эркимбекович «Коопсуз билим берүү чөйрөсү» методикалык колдонмосу боюнча өткөрүлгөн тренерлер үчүн төрт күндүк тренингдин жыйынтыгын чыгарды.
Алтынбек Эркимбекович өз маегинде мектептеги корголгон атмосфераны түзүү мамлекеттин, эл аралык уюмдардын жана педагогикалык коомчулуктун биргелешкен аракетин талап кылаарын баса белгиледи.
Инстаграм видеосу