Гуд Нейборс Кыргызстан Эл аралык Гуд Нейборс уюмунун бир бөлүгү катары Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин консультациялык статусуна ээ эл аралык гуманитардык бейөкмөт уюм болуп саналат.
30 жылдан бери жакырчылыкка, кырсыкка жана репрессияга дуушар болгон жарандардын укуктары негиз болуп саналган жакырчылыкка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жигердүү аракеттер жүрүп жатат.
Гуд Нейборс учурда 40 өлкөнүн 192 жамаатына таасирин тийгизип, коомчулукту өнүктүрүүгө жана балдарды коргоого инклюзивдүү мамиле жасоого багытталган.
Уюм Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 2014-жылы баштаган.
Гуд Нейборс ачарчылыксыз дүйнөнү түзүү үчүн бар, анда адамдар ынтымакта жашайт. Гуд Нейборс жакырчылыктан, кырсыктан жана зулумдуктан жапа чеккен коңшуларынын укуктарын коргойт жана алардын өзүнө болгон ишенимине жетүүгө жардам берип, үмүт табууга мүмкүнчүлүк берет.
+996 312 844220
Биздин уюмдун негизги милдети – жергиликтүү калкты мобилизациялоо, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана экономикалык ишмердүүлүккө окутуу аркылуу коомчулуктун потенциалын чыңдоо. Ар бир адамга толеранттуулук жана чыдамкайлуулук, балдардын укуктарын коргоо жана алардын жагымдуу чөйрөдө өнүгүүсүнө ар тараптан көмөк көрсөтүү.
Биз тынымсыз бюджеттен тышкаркы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн издейбиз, демөөрчүлөрдү жана өнөктөштөрдү биз иштеген аймактардагы ишмердүүлүгүбүздүн алкагында биргелешип, туруктуу долбоорлорду ишке ашырууга үндөйбүз.
IRDP Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоору.
Биз 2021-2025-жылдар аралыгында Ош жана Баткен облустарындагы 30 айылда айыл жериндеги жакырчылыкты кыскартууну көздөп жатабыз.
Айыл эли жана IRDP ушул төрт натыйжага жетишүү үчүн иштеп жатышат: социалдык-экономикалык потенциалды жогорулатуу, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, туруктуу кирешени камсыз кылуу жана айылды өнүктүрүү саясатында өкмөттүн потенциалын күчөтүү.
Кыргыз Республикасында жемиш чарба кластерин өнүктүрүүнүн стратегиялык планы
Бул иш Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) жана Гуд Нейборс Эл аралык (GNI) тышкы салымдары менен Корея Айылдык Экономика Институту (KREI) тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө иш-аракеттеринин натыйжасы болуп саналат.HOPE кайрымдуулук краудфандинг платформасы жаңы социалдык долбоор үчүн каражат чогултууну баштады. Сиз краудфандинг бөлүмүндө долбоорлор жөнүндө көбүрөөк маалымат таба аласыз.