Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Токтогул районундагы коомчулуктарды өнүктүрүү долбо
2026-жылдын 12–13-март күндөрү Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Чо Сунхёнг Токтогул районундагы Бел-Алды, Уч-Терек жана Котормо айылдарына иш сапары менен барып, ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктары жана коомчулуктарды өнүктүрүүгө багытталган учурдагы демилгелер менен таанышты.
Иш сапардын алкагында Токтогул районунун акиминин биринчи орун басары Асанов Аскат Таштемирович менен жолугушуу болуп өттү. Тараптар өткөн жылдагы биргелешкен иштин жыйынтыктарын, мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусундагы биргелешкен каржылоо негизинде ишке ашырылып жаткан долбоорлордун туруктуулугун талкуулашты.
Уч-Терек айылындагы К. Токторалиев атындагы №30 орто мектепте директор «Дени сак тамактануу» долбоорунун алкагында орнотулган ашкана жабдуулары менен таанышып, мектептеги тамактануу шарттарын жана санитардык инфраструктураны жакшыртууга багытталган иштер менен таанышты. Ошондой эле Girls Friendly Toilets долбооруна өзгөчө көңүл бурулуп, анын курулушу аяктоо баскычына жакындап калгандыгы белгиленди.
Бел-Алды айылында директор Мукаш Жамгырканов атындагы мектепке барып, биргелешкен каржылоо негизинде түзүлгөн IT-класс жана орнотулган интерактивдүү такталар менен таанышты. Сапардын жүрүшүндө окуучулар санариптик жабдууларды окуу процессинде кантип колдонуп жатканын көрсөтүштү. Заманбап технологияларды киргизүү окуучулардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө.
Котормо айылында директор Абды Суеркулов айыл өкмөтү жана Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун биргелешкен аракеттеринин натыйжасында түзүлгөн бала бакчага барды. Сапардын жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүүнүн туруктуулугу жана мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында, иш сапар коомчулуктардын активдүү катышуусу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун оң таасирин тастыктап, жергиликтүү тургундар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун ортосундагы өнөктөштүктүн туруктуу аймактык өнүгүү үчүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгиледи.
2026-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, KOICA жана Good Neighbors International уюму Кыргыз Республикасында Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Меморандумга кол коюу айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө жана айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган өнөктөштүктү чыңдоодогу маанилүү кадам болду.
Долбоордун экинчи фазасы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылып, фермерлерди жана айыл чарба кооперативдерин колдоону, айылдык жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү, микрокредиттөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү, ошондой эле агрардык секторго заманбап технологияларды киргизүүнү камтыйт.
Долбоор 2021–2025-жылдары ийгиликтүү ишке ашырылган биринчи фазанын уландысы болуп саналат. Бул мезгил аралыгында айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, мал чарбасын өнүктүрүү, айылдык инфраструктураны жакшыртуу жана айылдык үй чарбаларынын кирешелерин көбөйтүү боюнча олуттуу жыйынтыктарга жетишилди.
Долбоордун экинчи фазасын ишке ашыруу аймактардын агроөнөр жай потенциалын мындан ары өнүктүрүүгө, айылдык жамааттардын экономикалык туруктуулугун чыңдоого жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Урматтуу балдар, ата-энелер, мугалимдер жана өсүп келе жаткан муундун келечеги үчүн кам көргөн жалпыңыздар!
Good Neighbors Kyrgyz Republic сиздерди Эл аралык балдарды коргоо күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Бул күн бизге эң маанилүү нерсени эске салат: ар бир бала бактылуу балалыкка, сүйүүгө, камкордукка, коопсуздукка жана өз мүмкүнчүлүктөрүн толук ачууга татыктуу. Балдар — биздин келечегибиз, шыктандыруубуз жана жакшы дүйнөгө болгон үмүтүбүз.
35 жылдан бери Good Neighbors дүйнө жүзүндөгү балдардын жыргалчылыгы үчүн эмгектенип келет. Бүгүнкү күндө уюм 40тан ашуун өлкөдө миллиондогон адамдардын жашоосуна оң таасирин тийгизип, балдардын укуктарын коргоого, алардын бакубат жашоосуна жана коомчулуктардын инклюзивдүү өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурууда.
Кыргызстанда Good Neighbors Intentional өз ишмердүүлүгүн 2014-жылдан бери жүргүзүп келет. Ушул жылдар аралыгында биз өнөктөштөр, жергиликтүү жамааттар, мектептер жана үй-бүлөлөр менен биргеликте балдардын дени сак өсүшү, сапаттуу билим алышы, таланттарын өнүктүрүшү жана өздөрүн коопсуз сезиши үчүн шарттарды түзүп келебиз.
Бул өзгөчө күнү ар бир балага жаркын жылмаюу, кубанычтуу ачылыштар, ишенимдүү достор жана келечекке болгон бекем ишеним каалайбыз. Кыялдарыңар орундалып, силерди ар дайым колдогон, шыктандырган жана чоң ийгиликтерге карай алгачкы кадамды таштоого жардам берген адамдар жаныңарда болсун.
Майрамыңыздар менен! Эл аралык балдарды коргоо күнү кут болсун!
Калктын муктаждыктарын комплекстүү баалоонун алкагында Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы Көк-Чу, Болот Мамбетова, Бел-Алды жана Жапалак КӨДдөрүндө (Коомчулукту өнүктүрүү долбоорлору) фокус-топтук талкуулардын (Focus Group Discussions — FGD) сериясы ийгиликтүү өткөрүлдү.
Талкууларга мугалимдер, медицина кызматкерлери, ата-энелер, жаштар, фермерлер, ишкерлер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле калктын аялуу катмарларынын өкүлдөрү катышты. Фокус-топтор жамааттардагы актуалдуу көйгөйлөрдү ачык талкуулоо, артыкчылыктуу муктаждыктарды аныктоо жана мүмкүн болгон чечимдерди издөө үчүн аянтча болуп берди.
Талкуулардын жүрүшүндө билим берүү, саламаттык сактоо, таза суу жана санитарияга жеткиликтүүлүк, укуктарды коргоо, социалдык колдоо, жумуш менен камсыз кылуу жана калктын киреше булактарын өнүктүрүү маселелери каралды. Өзгөчө көңүл аялуу топтордун көйгөйлөрүнө, негизги кызматтарга жеткиликтүүлүккө, жашоо шарттарын жакшыртууга жана жергиликтүү жамааттардын потенциалын чыңдоого бурулду.
Фокус-топтук талкуулар сапаттуу маалыматтарды чогултууга жана калктын муктаждыктарды баалоо процессине активдүү катышуусун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берди. Алынган жыйынтыктар келечектеги пландаштыруу иштеринде жана коомчулуктун реалдуу муктаждыктарына багытталган практикалык программаларды жана демилгелерди иштеп чыгууда колдонулат.