Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Токтогул районундагы коомчулуктарды өнүктүрүү долбо
2026-жылдын 12–13-март күндөрү Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Чо Сунхёнг Токтогул районундагы Бел-Алды, Уч-Терек жана Котормо айылдарына иш сапары менен барып, ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктары жана коомчулуктарды өнүктүрүүгө багытталган учурдагы демилгелер менен таанышты.
Иш сапардын алкагында Токтогул районунун акиминин биринчи орун басары Асанов Аскат Таштемирович менен жолугушуу болуп өттү. Тараптар өткөн жылдагы биргелешкен иштин жыйынтыктарын, мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусундагы биргелешкен каржылоо негизинде ишке ашырылып жаткан долбоорлордун туруктуулугун талкуулашты.
Уч-Терек айылындагы К. Токторалиев атындагы №30 орто мектепте директор «Дени сак тамактануу» долбоорунун алкагында орнотулган ашкана жабдуулары менен таанышып, мектептеги тамактануу шарттарын жана санитардык инфраструктураны жакшыртууга багытталган иштер менен таанышты. Ошондой эле Girls Friendly Toilets долбооруна өзгөчө көңүл бурулуп, анын курулушу аяктоо баскычына жакындап калгандыгы белгиленди.
Бел-Алды айылында директор Мукаш Жамгырканов атындагы мектепке барып, биргелешкен каржылоо негизинде түзүлгөн IT-класс жана орнотулган интерактивдүү такталар менен таанышты. Сапардын жүрүшүндө окуучулар санариптик жабдууларды окуу процессинде кантип колдонуп жатканын көрсөтүштү. Заманбап технологияларды киргизүү окуучулардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө.
Котормо айылында директор Абды Суеркулов айыл өкмөтү жана Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун биргелешкен аракеттеринин натыйжасында түзүлгөн бала бакчага барды. Сапардын жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүүнүн туруктуулугу жана мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында, иш сапар коомчулуктардын активдүү катышуусу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун оң таасирин тастыктап, жергиликтүү тургундар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун ортосундагы өнөктөштүктүн туруктуу аймактык өнүгүү үчүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгиледи.
Өткөн жумада Камышановка айылынан жана Африка, Азия жана Корея мамлекеттеринин мектеп окуучулары Глобалдык жаштар түйүнүнүн программасынын алкагында онлайн жолугуп, анда балдар өз өлкөсү, маданияты жана кызыктуу жерлери тууралуу кыскача айтып беришти. Бул форматта негизги темаларда - климаттык кризисти жана туруктуу өнүгүү максаттарын талкуулоо үчүн дагы эки жолугушууну өткөрүү пландалууда.
Гуд Нейборс уюму “Good Neighbors Global Citizenship Education" (эл аралык жаштар алмашуу программасы) – “Глобалдык жаштар тармагы” аттуу жаңы билим берүү программасын ишке киргизип жатканын тактап кеткибиз келет. Бул долбоор бүткүл дүйнө жүзүндөгү жаштарга климаттын өзгөрүшү сыяктуу глобалдык маселелер боюнча өз пикирин билдирүү жана эл аралык алмашуу иш-чаралары аркылуу пайдалуу иш-аракеттерди практикалоо жана эмпатия жөнүндө концептуалдык түшүнүктү өрчүтө турган, өзүнө ишенген инсан болууга мүмкүндүк берет.
Гуд Нейборстун Кыргыз Республикасындагы филиалы эки мамлекеттик мектепти, Сокулук районундагы Камышановка айылында жана Ош шаарынын Жапалак районундагы №34 мектепти компьютердик класстар менен жабдууну аяктады.
Информатика кабинеттери окуу үчүн бардык керектүү жабдуулар жана материалдар менен жабдылган. Информатика мугалимдери үчүн тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле видео жазуу үчүн атайын аянт түзүлүп, окуу материалдарын басып чыгаруу үчүн атайын техникалар бөлүнгөн. Мындан тышкары, кызматташуу жана биргелешкен окуу материалдарын түзүү үчүн мугалимдердин топтору түзүлгөн. Бул мектептердин окуучулары компьютердин алдыңкы колдонуучулары болушат деп ишенебиз.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюму жыл сайын Талас шаарындагы мектеп окуучуларына активдүү колдоо көрсөтүп келет.