Good Neighbors Kyrgyz Republic жана КНАУ кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
2026-жылдын 21-майында Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Чо Сунхенг менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Эрмековна Тотубаева менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин, биргелешкен ишмердүүлүктүн келечектүү багыттарын, ошондой эле айыл чарба, билим берүү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Өзгөчө көңүл инновациялык агротехнологияларды киргизүүгө, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө жана фермерлердин квалификациясын жогорулатууга бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Good Neighbors Kyrgyz Republic менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандум заманбап агротехнологияларды киргизүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, анын ичинде IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясы аркылуу иш алып баруу, ошондой эле биргелешкен илимий жана билим берүү демилгелерин ишке ашыруу багытындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.
Кол коюу аземинен кийин Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун өкүлдөрү үчүн IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясына экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын жүрүшүндө лабораториянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, анын ичинде заманбап биотехнологияларды колдонуу менен вируссуз картошка жана башка айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча иштер тааныштырылды.
Белгилей кетсек, ушул жылы Good Neighbors Kyrgyz Republic университет менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Болот Мамбетов айылында вируссуз көчөттөрдү өстүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда.
Тараптар бул кызматташтык Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана фермерлерди колдоого багытталган туруктуу жана натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюму жыл сайын Талас шаарындагы мектеп окуучуларына активдүү колдоо көрсөтүп келет.
Гуд Нейборстун Кыргыз Республикасындагы филиалы эки мамлекеттик мектепти, Сокулук районундагы Камышановка айылында жана Ош шаарынын Жапалак районундагы №34 мектепте компьютердик класстарды жабдууну аяктады.
Информатика кабинеттери окуу үчүн бардык керектүү жабдуулар жана материалдар менен жабдылган. Информатика мугалимдери үчүн тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле видео жазуу үчүн атайын аянт түзүлүп, окуу материалдарын басып чыгаруу үчүн атайын техникалар бөлүнгөн. Мындан тышкары, кызматташуу жана биргелешкен окуу материалдарын түзүү үчүн мугалимдердин топтору түзүлгөн. Бул мектептердин окуучулары компьютердин алдыңкы колдонуучулары болушат деп ишенебиз.