Good Neighbors Kyrgyz Republic жана КНАУ кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
2026-жылдын 21-майында Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Чо Сунхенг менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Эрмековна Тотубаева менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин, биргелешкен ишмердүүлүктүн келечектүү багыттарын, ошондой эле айыл чарба, билим берүү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Өзгөчө көңүл инновациялык агротехнологияларды киргизүүгө, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө жана фермерлердин квалификациясын жогорулатууга бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Good Neighbors Kyrgyz Republic менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандум заманбап агротехнологияларды киргизүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, анын ичинде IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясы аркылуу иш алып баруу, ошондой эле биргелешкен илимий жана билим берүү демилгелерин ишке ашыруу багытындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.
Кол коюу аземинен кийин Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун өкүлдөрү үчүн IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясына экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын жүрүшүндө лабораториянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, анын ичинде заманбап биотехнологияларды колдонуу менен вируссуз картошка жана башка айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча иштер тааныштырылды.
Белгилей кетсек, ушул жылы Good Neighbors Kyrgyz Republic университет менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Болот Мамбетов айылында вируссуз көчөттөрдү өстүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда.
Тараптар бул кызматташтык Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана фермерлерди колдоого багытталган туруктуу жана натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Өткөн жумада Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс филиалынын директору Талас облусунун мыкты студенттерине стипендия тапшырды. Бул стипендиялык программа Түштүк Кореянын жеке демөөрчүлүгүнүн демилгеси менен ишке ашырылат. Жылына бир жолу Талас шаардык мэриясы окуу жылынын жыйынтыгы менен окууда өзүн эң мыкты көрсөткөн окуучулардын тизмесин түзөт. Жыл сайын муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн таланттуу жана акылдуу балдарына стипендия жана сертификаттарды, ошондой эле канцелярдык товарлардын топтомун беребиз. Быйыл 30 студент стипендия алды. Балдар алган сыйлыктарын сарамжалдуу пайдаланып, келечекте Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салымын кошот деп ишенебиз.
Өткөн жумада Камышановка айылынан жана Африка, Азия жана Корея мамлекеттеринин мектеп окуучулары Глобалдык жаштар түйүнүнүн программасынын алкагында онлайн жолугуп, анда балдар өз өлкөсү, маданияты жана кызыктуу жерлери тууралуу кыскача айтып беришти. Бул форматта негизги темаларда - климаттык кризисти жана туруктуу өнүгүү максаттарын талкуулоо үчүн дагы эки жолугушууну өткөрүү пландалууда.
Гуд Нейборс уюму “Good Neighbors Global Citizenship Education" (эл аралык жаштар алмашуу программасы) – “Глобалдык жаштар тармагы” аттуу жаңы билим берүү программасын ишке киргизип жатканын тактап кеткибиз келет. Бул долбоор бүткүл дүйнө жүзүндөгү жаштарга климаттын өзгөрүшү сыяктуу глобалдык маселелер боюнча өз пикирин билдирүү жана эл аралык алмашуу иш-чаралары аркылуу пайдалуу иш-аракеттерди практикалоо жана эмпатия жөнүндө концептуалдык түшүнүктү өрчүтө турган, өзүнө ишенген инсан болууга мүмкүндүк берет.
Гуд Нейборстун Кыргыз Республикасындагы филиалы эки мамлекеттик мектепти, Сокулук районундагы Камышановка айылында жана Ош шаарынын Жапалак районундагы №34 мектепти компьютердик класстар менен жабдууну аяктады.
Информатика кабинеттери окуу үчүн бардык керектүү жабдуулар жана материалдар менен жабдылган. Информатика мугалимдери үчүн тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле видео жазуу үчүн атайын аянт түзүлүп, окуу материалдарын басып чыгаруу үчүн атайын техникалар бөлүнгөн. Мындан тышкары, кызматташуу жана биргелешкен окуу материалдарын түзүү үчүн мугалимдердин топтору түзүлгөн. Бул мектептердин окуучулары компьютердин алдыңкы колдонуучулары болушат деп ишенебиз.