КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!
1. Коммерциялык сунуштарды суроо: «Балдар бакчасы үчүн курулуш материалдары»
Долбоор жөнүндө:
Жалал-Абад облусунун Үч-Терек айылындагы балдар бакчасынын имаратын кеңейтүү (кошумча имаратты куруу үчүн курулуш, жасалгалоо, электр-техникалык, жылуулук изоляциялоочу материалдарды жана сантехникалык жабдууларды сатып алуу, жеткирүү жана түшүрүү), ошондой эле Чүй облусунун Нижне-Чүй айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасы үчүн балдар унитаздарын сатып алуу жана жеткирүү. Долбоор балдардын болуу шартын жакшыртууга жана мектепке чейинки мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 16-сентябры, саат 17:30га (18:00) чейин
Тапшыруу ыкмасы: «Балдар бакчасы үчүн курулуш материалдары» белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек
Төлөгүрөөк маалыматты tenders.kg сайтынан 10.09.2026-жылдагы №31706 «Коммерциялык сунуштарды суроо: «Балдар бакчасы үчүн курулуш материалдары»» номери аркылуу караңыздар.
2. Тендер: Балдар бакчалары үчүн оюн жабдууларын, эмеректерди жана окуу-өнүктүрүү материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу
Долбоор жөнүндө:
Ош, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын мектепке чейинки мекемелеринде коопсуз, комфорттуу жана өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүү. Долбоордун милдеттерине сырткы оюн жабдууларын (беседкалар, кумдондор, дөңсөөлөр, маятниктер, каруселдер, оюн үйлөрү) сатып алуу, ташуу, түшүрүү, чогултуу жана монтаждоо, ошондой эле имараттын ичин эмеректер (кербештер, отургучтар, шкафтар), тиричилик техникасы (телевизорлор), килемдер жана окуу-өнүктүрүү топтомдору менен камсыздоо кирет.
Тендердик билдирмелерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 16-сентябры, саат 17:00гө (17:30) чейин
Тапшыруу ыкмасы: милдеттүү түрдө «Балдар бакчалары үчүн жабдуулар жана эмеректер» деген маркировкасы бар чапталган А4 конвертинде Бишкек ш., Жаш Гвардия проспектиси, 2/1 (2-кабат) дареги боюнча тапшыруу керек.
Төлөгүрөөк маалыматты tenders.kg сайтынан 10.09.2026-жылдагы №31708 «Тендер: Балдар бакчалары үчүн оюн жабдууларын, эмеректерди жана окуу-өнүктүрүү материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу» номери аркылуу караңыздар.
2026-жылдын 21-майында Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Чо Сунхенг менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Эрмековна Тотубаева менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин, биргелешкен ишмердүүлүктүн келечектүү багыттарын, ошондой эле айыл чарба, билим берүү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Өзгөчө көңүл инновациялык агротехнологияларды киргизүүгө, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө жана фермерлердин квалификациясын жогорулатууга бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Good Neighbors Kyrgyz Republic менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандум заманбап агротехнологияларды киргизүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, анын ичинде IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясы аркылуу иш алып баруу, ошондой эле биргелешкен илимий жана билим берүү демилгелерин ишке ашыруу багытындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.
Кол коюу аземинен кийин Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун өкүлдөрү үчүн IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясына экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын жүрүшүндө лабораториянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, анын ичинде заманбап биотехнологияларды колдонуу менен вируссуз картошка жана башка айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча иштер тааныштырылды.
Белгилей кетсек, ушул жылы Good Neighbors Kyrgyz Republic университет менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Болот Мамбетов айылында вируссуз көчөттөрдү өстүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда.
Тараптар бул кызматташтык Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана фермерлерди колдоого багытталган туруктуу жана натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Эл аралык гуманитардык уюм Кыргыз Республикасындагы Good Neighbors International (GNI) төмөнкү бош кызмат орундарга талапкерлерди кабыл алат:
Ачык вакансиялар:
- Программдык адис – Бишкек шаары
- Бухгалтер – Бишкек шаары
- Community Development Project (CDP) Officer – Бел-Алды, Токтогул району
- Community Development Project (CDP) Officer – Жапалак / Ош шаары
Good Neighbors International уюму Кыргызстанда 2014-жылдан бери Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында коомчулукту өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырып келет.
📩 Кызыккан талапкерлер арызын (резюме, Application Form for Employment Good Neighbors Kyrgyz Republic, ошондой эле кошумча документтер — сунуш каттар, сертификаттар ж.б.) англис тилинде төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүшү керек: gnkgz@goodneighbors.kg
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 10-майы
Толук маалымат https://employment.kg/ сайтында жайгаштырылган.
Good Neighbors International уюму 35 жылдан бери жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп келет. Анын ишинин негизинде жакырчылыктан, кырсыктардын кесепеттеринен жана социалдык алсыздыктан жапа чеккен адамдардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоо турат.
Бул жылдар аралыгында Good Neighbors дүйнө жүзү боюнча долбоорлорду ишке ашырып, балдарды, үй-бүлөлөрдү жана коомчулуктарды колдоп, туруктуу өнүгүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга салым кошуп келет.
Биз бардык өнөктөштөргө, донорлорго жана коомчулуктарга ишеним, колдоо жана биргелешкен иш үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.
Биз биргеликте ар бир адам татыктуу жашап, жакшы келечекке үмүтү бар дүйнөнү түзүүнү улантабыз.